7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Шайырбек Абдырахман: Парижде мелдешке чыккан балбандарыбыз жеңип чыгат деп үмүт артабыз

194

2024-жылдын 28-июлунан 3-августка чейинки окуялар тууралуу журналист Шайырбек Абдырахман менен маек.

– Өлкөдө экономикалык өсүш болуп жатканын эшикке чыгып эле, шаарда болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн – ошол эле Бишкектин көчөлөрүнүн оңдолушу же темир жолдун салынышынан байкаса болот. Ипотекалык үйлөр Бишкекте гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында дагы курула баштады, көптөгөн жылдан бери ондоодон өтпөгөн Илимдер академиясынын имараты жаңылана баштаганы дагы өтө кубандырат, анткени НАН өлкөбүздүн илимий гана эмес, маданий жана руханий борборубуз…

– Чет мамлекеттердеги Кыргызстандын элчиликтери менен консулдуктары үчүн имараттарды сатып алуу демилгеси абдан туура, анткени 30 жыл ичинде ижара үчүн төлөнгөн акча – бир нече имараттын баасынан да ашып кетиптир. Эгер имаратты сатып алса, анын баасы жыл өткөн сайын дагы көтөрүлө берет жана мындай саясатты сөзсүз колдош керек. Андай имараттарды сатып алууга мумкүнчүлүк пайда болгону дагы – өлкөнүн экономикалык абалы жакшырып баратканын далилдейт.

– Дүйшөмбү күндөн тартып Париж олимпиадасында кыргыз балбандары мелдешке чыга баштайт жана бардыгыбыз биздин балбан жигиттерибиз менен кыздарыбыз үчүн күйүп, алар жеңип чыкса деп тилейбиз. Олимп оюндары гана эмес, башка дагы спорт мелдештери өтүп жатат – Жети-Өгүздө салбуурун фестивалы уюштурулду, сентябрда Астанада Бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт, ылайым эле мелдештер менен атаандаштык ушундай спорт тармагында гана болуп турсун…

Жуманын негизги окуялары:

– 31-июлда Акылбек Жапаров президенттик администрациянын коллегиясын өткөрүп, өлкөнүн дүң өндүрүмү былтыр 7 пайызга, ал эми быйыл биринчи жарым жылдыкта 8,1 пайызга көтөрүлдү деп билдирди. Мамлекеттик бюджет болсо үч жыл ичинде 2 эседен ашык, 248 миллиарддан 577 млрд сомго чейин өскөн экен.

– Акылбек Жапаровдун айтымында, 2023-жылга карата Кыргызстан өз ички дүң өндүрүмүн азыркы 6 жарым млрд доллардан 30 млрд долларга чейин көтөрө алат.

– Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бюджеттин профицити азыр 30 млрд сом – кирешеси 200 млрд, чыгашасы 170 млрд. Мындан бир жыл мурда профицит 2 эле млрд сом болчу, ага чейин болсо дайым дефицит болуп келген.

– 30-июлда Статком эл аралык уюмдар менен биргеликте даярдалган Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик сурамжылоонун жыйынтыктарын тартуулады, Кыргызстандагы экономикалык жана социалдык  абал бир кыйла жакшырган.

– Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин айтымында, өлкө банктарына эл тарабынан салынган акчанын жалпы көлөмү 522 млрд сомго жетти.

– 31-июлда Акылбек Жапаров президенттик администрациянын коллегиясында – аймактык-башкаруу реформасы ийгиликтүү жүрүп жатат деп билдирди. Анын алдында, 30-июлда, президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди таркатууну камтыган жаңы мыйзамга кол койгон.

– Министрлер кабинети жарым жылдын жыйынтыгын чыгарып, Маданият менен Саламаттык сактоо министрликтери жана Баткен менен Талас облус жетекчилери «неуд» деген баа алды.

 

– Президент Жапаров 29-июлда «Кабар» агенттигине интервью берип, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги кырктан ашык консулдук жана элчиликтеринин ичинен азыр үчөөнүн гана өз имараты бар, калгандары ижара менен жашайт деп билдирди. Жакын арада алардын баардыгы өз имараттарына ээ болот деп айтылды.

– Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда 1-августта чучук алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалды. Бул абдан чоң жетишкендик, жилик чучугу канды жаратат. Буга чейин Кыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу операцияларын жасоо башталган.

– Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррель кечээ күнү кечинде Кыргызстанга келип, аны бүгүн президент Садыр Жапаров кабыл алды. Боррель тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен дагы жолукту. Бул Боррелдин коштошуу сапары – анын ордун жакында Эстониянын премьер-министри Кая Каллас басат.

– 30-июлда президент Жапаров – Токмоктогу эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүучү заводко барып, анын иши менен таанышты.

– Чолпон-Атада Чүй менен Талас дарыяларынын суусун биргелешип пайдалануу маселеси оюнча кыргыз-казак комиссиясынын 34-жыйыны болуп өттү

– Экономика министрлиги – автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү керек деп, ал тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

– Өткөн жекшемби күнү президент Садыр Жапаров Бишкектен Балыкчыга поезд менен барып, жолдо жүргүнчүлөр менен сүйлөштү.

 

– 5-августтан тартып Париж олимпиадасында кыргыз балбандары мелдешке чыга баштайт, аларга артылган үмүт зор. Мушкерибиз Мунарбек Сейитбек уулу бүгүн түнүчүн чейрек финалда америкалык мушкер Джамал Харви менен беттешет.

– Быйыл сентябрда Астанада өтө турган V Көчмөн оюндарына дарядыктар көрүлүүдө, Кыргызстандын Улуттук банкы Көчмөн оюндарына утурлай 10 сомдук төрт бурчтуу күмүш тыйын чыгарды.

– Бүгүн, 3-августта, Жети-Өгүздө Салбуурун фестивалы өтүүдө. Мурда ал мелдеш катары уюштурулчу, азыр болсо коноктор менен кошо фестиваль түрүндө өтүп жатат.

– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов киночулар менен 1-августта жыйын өткөрүп, кино тартуу үчүн атайын павильондор курулаарын билдирди.

– Өтүп бараткан аптада Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун 3-айлампасы башталды.

– Көлдө 31-июлдан 3-августка чейин КМШ өлкөлөрүнүн ыктыярчыларынын эл аралык форуму болуп өттү.

– 30-июлда Бишкектеги Комсомол көлү шаар тургундары үчүн иштей баштады жана Кара-жыгач паркында эс алуу аймагы ачылды.

– Министрлер кабинетинин алдындагы мекеме аралык комиссия Военно-Антоновка айылын – Кожомкул, ал эми Горная Серафимовка деген айылдын атын Кебек-Бий деп өзгөртүүнү сунуштады.

195