Бүгүн 3-августта Кыргызстандык суучул Елизавета Печерских Париждеги олимпиадада өзүнүн тобундагы таймашта биринчи болуп келди.
Ал 50 метрге эркин сүзүү боюнча таймашып, 79 спортчу кыздын ичинен биринчи болуп, 26,26 секундада келди.
Бирок, тилекке каршы, башкалардын да көрсөткүчүн караганда жарым финалга чыга албай калды. Анткени жалпылай эсептегенде спортчу 30-орунга кирген.
Жарым финалга чыгуу үчүн ТОП-16га кириши керек эле.