2024-жылдын 7-апрелинен 13-апрелге чейинки окуялар тууралуу коопсуздук тармагындагы эксперт Токтогул Какчекеев менен маек.
Негизги окуялар:
– Садыр Жапаров бүгүн «Кабар» агенттигине интервью берип, тышкы карызды төлөө маселесин башка көтөрбөгүлө деп билдирди. Отуз жылдын ичинде өлкөнүн алтын жана валюта коруна $3,5 млрд чогулса, 3 жылдын ичинде бир миллиарддан ашык топтолду, ал эми Улуттук банкта 30 жылда 16 тонна алтын топтолсо, акыркы 3 жылда ага 35 тонна кошулду деп билдирди.
– Буга чейин президент Жапаров 7-апрелде да интервью берип, жолдор тууралуу айткан – мурда жылына 200 чакырымдын тегерегинде жол оңдолсо, 2023-жылы олкодо 670 чакырым ондолгонуна жана бул тармакта мурда кандай коррупция болгонуна токтолгон.
– Ири жүк ташуучу унаалардын жүргүнчүлөрү 11-апрелде митинг өткөрдү – апрелден октябрга чейин алардын Бишкек жолдору аркылуу күндүз өтүүгө тыюу салынган. Дөңгөлөктүн ар бир огуна туура келген салмак 10,5 тоннадан ашпаш керек деп чектелген, атаын комиссия түзүлдү.
– Акылбек Жапаровдун айтымында, жылдын биринчи чейрегиндеги дүң өндүрүмдүн өсүшү 8,8 пайыз болуптур.
– Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө $40 млн бөлмөй болду.
– 10-апрелде Бишкек ТЭЦинде жаңы өрт чыгып, бир кызматекр күйүп, ооруканага жаткырылды. 2-февралдагы аварияны иликтөө эмгиче толук аяктай элек.
– Радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздаштырууга Орусия 2 млрд рубль бөлмөй болду.
– Ооганстан боюнча Бириккен улуттардын баш катчысынын атайын өкүлү Роза Отунбаева жакын арада Талебан өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзөт деген кабар чыкты. Москвадагы «Крокус» борборундагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө – Ооганстандагы «ИГИЛ-Хорасан» деген уюм алган.
– Кыргызстанга казак премьери Олжас Бектенов министрлери менен ккошо елип кетти, аны президент Жапаров кабыл алды.
– Бектенов менен Акылбек Жапаров жолукканда, эки өлкө ортосундагы бир жылдык сооданы 2 млрд долларга жеткирүү тууралуу сүйлөшүлдү. Азыр соода $1 млрд 300 миллиондун деңгээлинде.
– Кыргызстанга азери тышкы иштер министри Джейхун Байрамов да келип кетти, аны дагы президент Жапаров кабыл алды.
– Азербайжандын чакыруусу менен Садыр Жапаров – климат өзгөрүүсү боюнча ноябрда Бакы шаарында өтө турган дүйнөлүк саммитке катышмай болду.
– Марттын аягында Кыргызстанда кармалган 5 азери жараны Азербайжанга өткөрүп берилди. Алар кыргыз жетекчилерине кол салуу үчүн келген деп айтылган.
– Январда кармалган 11 журналисттин дагы төртөө үй камагына чыгарылды, мурда үчөө чыккан, азыр камакта төртөө гана калды.
– Жогорку кеңештин спикери Шакиев 11-апрелде – англисче жана орусча кээ бир программаларды интернетте бөгөттөп салуу керек деп сунуштады, президент Жапаров эртеси – бизге баардык тилдер керек деп жооп берди. Шакиевдин айтканына Ташиев дагы каршы чыкты.
– Келээрки окуу жылында жогорку окуу жайларындагы гранттык орундар 10 миңге жеткирилмей болду, буга чейин алардын саны 6 миңдин тегерегинде экен.
– Балдарын биринчи класска бере турган ата-энелер үчүн электрондук каттоо башталды.
– Бишкекте электрондук парковкалар да пайда болууда.
– Ататүрк паркынын чектери аныкталып, Бишкек мэриясына 43 гектар жер кайтарылды деп айтылууда.
– Эки жыл мурда Таласта өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, Бактыбек Чойбековдун ордуна эми Жогорку кеңешке Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров келмей болду.
– Мамлекет тарабынан кайтарууга алынган коруктардын аянтын 10 пайызга жеткирүү аракеттери көрүлүүдө, азыр алар өлкөнүн жалпы аянтынын 7 пайызын ээлейт экен.
– Чикаго шаарында этномаданият боюнча кыргыз көргөзмөсү ачылыптыр, ал эми Италиянын Неаполь шаарында Кыргызстандын жеңил өнөр жай көргөзмөсү болуп өттү.
– Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат, кыргыз спортчулары алтын жана башка медалдарга ээ болууда.
– «Жалал-Абад» санатории жана «Ош» деген турбаза мамлекеттик менчикке өткөрүлгөнү жөнүндө президенттин иш башкармалыгы билдирди.
– «Кыргыз электр станциялары» ишканасы биржада акцияларын сатып, 10 млрд сом чогултуптур.
– Космонавтика күнүнө арналган «Жылдыздарга жол» деген фестиваль өтүп жатат, ал 22-апрелге чейин уланат экен.
– Сүт чарбалары менен жемиш бактарын өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 30 млн каражат бере турган болду.
– Статкомдун маалыматына караганда, акыркы 5 жылдын ичинде алкоголь ичимдиктерине болгон баа орто эсеп менен 57 пайызга, ал эми тамекинин баасы 90 пайызга көтөрүлүптүр.