7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жигит талашып мушташкан кыздар кармалды

977

Ошто жашы жетелек кыздын денесине жараат келтирип, телефонун тартып алган кыздар кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 15-январда саат 16:00 чамасында Ош шаарынын тургуну 2007-жылы туулган жашы жете элек кызды сырттан тааныш болгон 1 жаш кичүү кыздар үйүнөн чакырып чыгышып, далдоо жерге алып барып сабаган. Окуя жабырлануучу менен 2008-жылы туулган кыздын ортосундагы пикир келишпестиктен болгон. Анда жабырлануучуну “эмнеге менин жигитим менен сүйлөшөсүң, экинчи мамиле кылбагын!” деп ура баштаган да, анын шериктери дагы кошулуп сабаган. Андан соң, анын iPhone 8 үлгүсүндөгү телефонун алып, качып кеткен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын 19-январда берген корутундусуна ылайык, жабырлануучу жеңил дене жаратын алгандыгы жана ага материалдык жактан олуттуу өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган окуя боюнча шектүүлөр тарабынан тартылган видео тасма дагы далил катары алынып, кылмыш ишине тиркелген. Учурда кармалган кылмыштагы шериктердин бул кылмыштагы ордун аныктоо, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

978