Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков Бишкек убактысында саат 22:00дө атаандашы менен беттешет. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 15 балбан барган.
Эскерте кетсек, Жоламан чейрек финалдык беттеште грузиялык балбан Ираклий Дзимистаришвилинин далысын жерге басып, жеңишке жеткен.