7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жириновский Россиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну сунуштады

2042

ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Россиянын  Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну жана Кыргызстан менен соода-экономикалык байланышты токтотууну сунуштады.

Жириновский бул билдирүүсүн Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жибергенине байланыштуу жасаган. Ал ошону менен бирге Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг уюштурууну талап кылып, ага өзү да катышарын айткан.
«Биз кыргызстандык мигранттардын Россиядан чыгарылышын талап кылабыз», — дейт Жириновский.

Бир катар Мамлекеттик думанын депутаттары аны колдоп орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Россияга киргизбей коюуну сунуштаган.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Жиринский Кыргызстанда «персона нон грата» деп жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган. Ага саясатчынын Кыргызстандын Орусияга болгон карызынын ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деген билдирүүсү себеп болгон. Жиринивский кескин, орунсуз билдирүүлөрдү жасаган саясатчы катары таанылмал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2043