7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК Салык кодексинин долбоорун жактырды. Сатуучулар кайсы учурда салык төлөшпөйт?

883

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексинин долбоорун экинчи окууда жактырышты.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаровдун айтымында, Салык кодекси долбоорунун милдети Кыргызстандын салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ыңгайлаштыруу, салык процедураларын санариптештирүүнү андан ары өркүндөтүү, ишкердик иш-аракеттерди бир нукка тушүрүп, бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу болуп саналат.

Талкууда Дастан Бекешев белгилегендей, салык төлөөчүгө салык салуу тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилип жатканда, салык кызматы сервистик-фискалдык орган болушу керек. Ал ошондой эле долбоордо майыптар үчүн 5% киреше салык тууралуу норма кирбей калганына өкүнүчүн билдирди.

Муну менен катар экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев, базарлардагы сатуучулардын кирешеси 8 миллион сомдон ашпаса, салык төлөбөй турганын, бирок ал үчүн кассалык аппараттарды колдонуу керектигин билдирди.

Салык кодексинин долбооруна экинчи окууда 74 депутат “макул”, 4 депутат “каршы” добуш беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

884