7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы: Аймактар өнүкпөсө, мамлекеттин пайдубалы бекем болбойт

182
Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун курулушу менен таанышты.
Алсак, узундугу 100 чакырымды түзгөн бул жол Ала-Бука айылынан башталып, Чаткал районунун Кызыл-Токой, Терек-Сай айылдарын аралап өтүү менен “Чапчыма” ашуусу аркылуу Курулуш айылына жакын “Терс” участкасына чейин уланат. Долбоорго ылайык, 9 көпүрө, 22 селкана да кошо салынып, жалпы жолдун курулуш иштерине 4 млрд сомдон ашуун каражат каралган. Бүгүнкү күнгө чейин 48 чакырымына асфальт төшөлүп, калган бөлүгү жыл аягына чейин бүткөрүлөрү пландалууда.
Жолду көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан Төрага мамлекет тарабынан борбордон алыс жайгашкан, табияты катаал аймактарга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирип: “Себеби мамлекеттин пайдубалы аймактар, ушундай элет жерлери. Андыктан, аймактар өнүгүп, айылдарыбыз бакубат болбосо, мамлекеттин пайдубалы бекем болбойт”, – деп кошумчалады. Өлкө башчысы да айыл элинин жашоо шартын жакшыртууга багытталган аракеттерге артыкчылык берип жатканын айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Ал эми Жогорку Кеңеш өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган, экономикалык, социалдык маанидеги мыйзам долбоорлорун ыкчам түрдө кабыл алып жатабыз. Биздин максат калк турмушун жакшыртуу менен Кыргызстаныбызды алдыңкы мамлекеттердин катарына кошуу”, – деди.
Ошондой эле Чаткал районуна байма-бай каттап, Төрага болуп шайлангандан бери төртүнчү жолу келип жатканын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу жергиликтүү элге мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу учкай айтып берди.
“2020-жылдары өлкөбүздүн бюджети 240 млрд сомдун тегерегинде гана болчу, ал эми быйылкы бюджет 704 млрд сом болду. Кийинки жылдын бюджетин 800 млрд сомдон ашык көлөмдө кабыл алабыз деп турабыз. Натыйжада социалдык-инфраструктуралык курулуштар арбын жүргүзүлүп, пенсия, жөлөк пулдар жана айлык-маяналар жогорулатылды. Бирок бул чек эмес, алдыда дагы көп иштер жасалат. Бул жол бүткөрүлсө, оңдоп-куруу жумуштары башка жолдордо да уланат”, – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.
Табияты катаал болгону менен ар кандай кендерге бай Чаткал жергесинде социалдык муктаждыктар болбошу керектигин билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Кен иштетүүдөн түшкөн каражаттарды туура, максаттуу пайдаланып, элет жериндеги көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө умтулушубуз керек. Бирок, кен өндүрүүдө экология маселесине өзгөчө көңүл буруп, коопсуздук маселесин эске алышыбыз зарыл. Азыр башаламан иштете турган болсок, келечек муунга кыянаттык кылган болобуз”, – деп кошумчалады.
183