7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы: Скутерлер менен мопеддердин кыймылын тез арада иретке келтирүү керек

579
Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана калаа башчысын башаламан колдонулуп жаткан скутерлер менен мопеддерди көзөмөлгө алууга чакырды.
Тагыраагы, шаар тургундарынан, айрыкча айдоочулардан скутерлер менен мопеддерге байланышкан кайрылуулар көп түшүп жатканын айткан төрага: “Аталган техникалар жолдордо авариялык абал жаратып, башка унааларга тоскоолдук жараткан учурлар көбөйдү. Катуу айдалгандыктан, түнкүсүн да шаардыктардын тынчтыгын бузушууда. Ал тургай адам өлүмүнө алып келген окуялар да катталып жатат. Себеби, скутерлер менен мопеддерди колдонгондордун көпчүлүгү жаш балдар экен. Аларга айдоочулук күбөлүк да берилбейт, жолдогу кыймыл-аракеттери көзөмөл камераларына да тартылбайт. Башка мамлекеттерде мындай техникаларга катуу талаптар коюлган. Андыктан бизде дагы скутерлер менен мопеддердин кыймылы тез арада иретке келтирилиши керек”, — деди.
580