7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы: Жакында Ноокаттагы Кара-Кой жайлоосуна алып барган жол асфальтталат

147

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу өткөн аптадагы отурумга катышкан Президент Садыр Жапаров депутаттар тарабынан сунушталган демилгелердин маанилүүлүгүнө токтолуп, эл өкүлдөрүн туризм тармагына да өзгөчө көңүл бурууга чакырганын эске салды.

«Өлкө башчысынын сунушуна ылайык, Ош облусундагы иш сапарымдын алкагында өлкөбүздөгү эң кооз, ажайып Кара-Кой жайлоосуна да барып кайттым. Буга чейин аталган жайлоонун өзгөчө табияты тууралуу угуп келгем. Бирок «Миң уккандан, бир көргөн артык» — деп эл арасында айтылгандай, Кара-Койдогу кооздукту өз көзүм менен көрүп абдан суктандым. Тилекке каршы жайлоого алып барган жолдун абалы начар экен. Ага ылайык, тез арада жолду асфальттоо тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырма бердим», — деди.

Ошону менен катар аталган маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен да сүйлөшкөнүн, ал дагы Кара-Койго алып барган жолду оңдоп-түзөө ишин өз көзөмөлүнө аларын кошумчалады.
«Аталган жайлоого өзүбүздүн жарандар эле эмес, коңшу өлкөлөрдөн да туристтер арбын келет экен. Андыктан, тез арада жолун жаңылап, келген меймандарга ыйгайлуу шарт түзүү менен аймактардагы туризм тармагын жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек», — деди Төрага Нурланбек Тургунбек уулу.

148