7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасы жана комитеттер мыйзам чыгарууну талкуулашты

554

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин тийиштүү комитеттеринин төрагалары менен жолугушту. Анда ал депутаттардын негизги милдеттеринин бири мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү, мыйзамдык базаны өркүндөтүү экенин айтты.

«Депутаттар мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө жана иштеп чыгууга активдүү катышуусу керек. Анткени, эл өкүлү катары жарандар менен тыгыз байланышта болуп, калктын бардык көйгөйлөрүн жакшы билишет. Ошол эле учурда кабыл алынган мыйзамдардын бир топтун эмес, бүтүндөй Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылгандай сапатына өзгөчө көңүл буруу керек» — деди ал.

Ошондой эле ал министрлер кабинети ар бир маселени Жогорку Кеңештин кароосуна коюуда бардык тиешелүү документтерди алдын ала бериши керектигин белгилеп, бул жаатта кемчиликтер бар экенин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555