№28 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңешке аттанган эки талапкер жарашышты. Бул тууралуу Дастан Бекешев өзүнүн социалдык баракчаларына жазып чыкты.
Анын айтымында, Дастан Бекешев менен Мелис Турганбаев жолугушкан.
“Шайлоодон кийин бардык талапкерлер өз ара пикир келишпестиктерин жоюш керек, Мына биз Мелис байке экөөбүз жолуктук. Октябрь районунун көйгөйлөрүн айтып, бири-бирибизге ден соолук кааладык”, — деп жазган ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Мелис Турганбаев атаандашы Дастан Бекешевди шайлоодон четтетүү боюнча БШКга арыз менен кайрылган. Анын өтүнүчүндө Бекешевдин үгүт учурундагы мыйзам бузуулары белгиленген.
Мелис Турганбаев атаандашы Дастан Бекешевди шайлоодон четтетүүнү өтүндү