Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды
750
Бишкекте батирлердин биринен 55 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-декабрда Горький көчөсүндө жайгашкан көп кабатту турак үйлөрдүн биринде батирдин ичинен 1966-жылы туулган А.О. атту эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.