Өлкөдө 2022-2026-жылдарга аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Министрлер кабинети тарабынан аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү, финансы ресурстарына жеткиликтүүлүк берүү, аялдарды бизнес жүргүзүү негиздерине окутуу, ишкер аялдардын санын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин тийиштүү чечими расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.