Чүй облусунун Аламүдүн районунда жөө адамды сүзүп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 6-декабрда болуп, саат 23:29 чамасында Кара-Жыгач айылында жөө адамды унаа сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
«Териштирүү учурунда 1971-жылы туулган К.М. мас абалда «Тойота Клюгер» унаасы менен Кара-Жыгач айылындагы көчөлөрдүн биринен 1965-жылы туулган Л.В. аттуу адамды сүзгөн. Айдоочу жөө адамды сүзүп алгандан кийин унаасы менен артка кайрылып, жерде жаткан жабырлануучунун баш тарабын тебелеп өткөн. Анын кесепетинен жабырлануучу жеринен жан бергени белгилүү болду», — дешти маалымат кызматынан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 122-берене («киши өлтүрүү») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 1971-жылы туулган К.М. кармалды. Айдоочунун ичимдик ичкени аныкталып, унаасы айып короого токтотулду.
Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.