7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов чемпион Роман Власовго беттешти Бишкекте өткөрүүнү сунуштады

1313

Күрөш боюнча Токио Олимпиадасынын (2021) күмүш байге ээси Акжол Махмудов Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власовго беттешти Бишкекте өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

«Биз жакын арада тренер менен биргеликте жакын беттештин датасын жана кайсыл жакта өтөөрүн белгилейбиз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыязы, бул беттешти Бишкектен өткөрөбүз. Сен каршы эмессиңби, Рома?» — деп жазган Махмудов.

Ошондой эле мындай деңгээлдеги балбан менен килем бөлүшүү ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.

“Романдын менин жетишкендиктериме берген баасын жана анын мени менен күрөшүү ниетин билгенде абдан кубандым. Мындай деңгээлдеги балбан менен килем бөлүшүү мен үчүн чоң сыймык! Күйөрмандарыбыз үчүн мыкты деңгээлде беттеш уюштурабыз деп ишенем! Анткени ал көптөгөн күйөрмандары үчүн, анын ичинде мен үчүн ар дайым үлгү болуп келген», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1314