7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азыркы кыздар ачынып жүрүүнү «эрдик» деп ойлоп жатышат. А окумуштуулар эмне дейт?

1444

Доктор Бекжан Турабеков акыркы учурлардагы кыздардын жүрүм-турумдарына мүнөздөмө айтып, мисал келтирди.

Анын айтымында, ачынуу — бул эрдик эмес.

«Урматтуу катталуучулар! Акыркы учурларда жылаңач денеми элге кантип көргөзсөм экен деген аялдар көбөйүп бара жатат. Кыргыз кыздарынын ичинде да мындай абал күчөп кетти. Ачынып жүрүүнү азыркы кыздар эрдик, коркууну жеңүү, уят болот деген стереотипти жеңүү, адамдардын алдында өзүңдүн табигый сулуу денеңди коркпой көрсөтүү деп ойлоп жатышат. Мен ошондой кыздарга динди да аралаштырбай, салтты да аралаштырбай төмөнкү клиникалык изилдөө менен доктор катары жооп бергим келип жатат.

Американын психологиялык ассоциациясы өткөргөн клиникалык изилдөөдө окумуштуулар денесин ачып, сексуалдык өңүттө сүрөткө түшкөн кыздарды мындайча атады: «Жылаңач денесин көргөзгөн аял адам баласына тиешелүү бардык баалуу сапаттардан аарылып, мен секс үчүн гана жаралгам, мен эркектердин кумарын гана кандыруу үчүн жаралгам деп өзүн ошондой өңүттө жарыялап калат. Өз денесин ачып жүргөн аял депрессиянын оор түрү менен жабыркап, эмоционалдык жабыркоого туш болуп, логикалык ойлонуусу начарлап, РПП ооруларына дуушар болот.»

Силер денеңерди ачып өзүңөрдүн эрдигиңерди көрсөтөм деп башка жаңы өсүп келе жаткан кыздарды жылаңач жүрүүгө кызыктырып жатасыңар. Ошону менен бирге өсүп келе жаткан балдардын психологиялык, сексуалдык ойлонуусун бузуп көп адамдын ден соолугунун жана психикасын талкалаоого себепкер болуп жатасыңар. Өзүңөргө зыян берсеңер да, башкаларды жылаңач денеңер менен уулабагылачы! Адам болгон соң адамдай жашагыла!», — дейт ал.

Бекжан Турабеков

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1445