7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКККББ: Бир түндө 41 мас айдоочу кармалды

297

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын ротасы тарабынан дем алыш күндүн соңунда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 41 мас абалында унаа башкарган айдоочулар кармалды.

Алардын ичинде айым айдоочулар да бар. Кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Рулда” аталышында рейд өткөрөөрүн белгилеп, рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланаарын эскертет.

Рейд учурунда ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма жалган мамлекеттик номур тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат. Рейддик иш-чарага массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышып, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын жүздөрү башкаларга эскертүү болуу иретинде коомчулукка ачык көрсөтүлөт.

 

 

298