7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлери бир катар биргелешкен документтерге кол коюшту

631

Москва шаарында бүгүн, 16-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары бир катар биргелешкен документтерге кол коюшту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документтер:

— ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин (ЖКК) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү;

— “ЖККУнун Казакстан Республикасынын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими.

Чечимге ылайык, үстүбүздөгү жылдын башында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамында абалды турукташтыруу үчүн Казакстан Республикасына чектелген мөөнөткө жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бир катар офицерлери жана аскер кызматкерлери сыйлыктар менен сыйланышты.

ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги милдеттери болуп маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына кырдаалды турукташтырууда жана аны укуктук талаага кайтарууда көмөк көрсөтүү болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632