7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖККУнун башкы катчысы 31-августтан 2-сентябрга чейин Кыргызстанда болот

652

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зас 31-августтан 2-сентябрга чейин иш сапары менен Кыргызстанга келип, өлкөнүн жогорку саясий жана аскерий жетекчилери менен жолугат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун башкы катчысы 15-16-сентябрда Душанбе шаарында өтө турган ЖККУнун кезектеги сессиясына жана Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыкты талкуулап, ЖККУнун аймагындагы абал тууралуу маалымат берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653