7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анкарада Эгемендүүлүккө карата Айкөл Манастын эстелигинин ачылышы болот

596

Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар саясий, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашкан.

«Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктады. Ал эки тараптуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Садыр Жапаров Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата эртеңки ачыла турган Айкөл Манастын эстелиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.  Президенттин айтымында, бул окуя Кыргызстан үчүн чоң символикалык мааниге ээ.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялар учурунда  Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү тууралуу да сөз болду. Анда Түркия колдоосун жана жардамын көрсөткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597