7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖККУнун кезексиз сессиясы армян-азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды

547

Президент Садыр Жапаров 13-сентябрда, армян тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты.

Кезексиз сессия армян-азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ал үчүн эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын баса белгилеп, эки тарап мындан ары да күч колдонуудан алыс болуп, өз ара бардык пикир келишпестиктерди Армения менен Азербайжан ортосундагы ишенимди чыңдоо чараларынын негизинде тынчтык жолу менен чечет деген ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548