ЖКнын өкүлүмүн деп жарандан 23 миң доллар алып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жабырлануучудан 2019-жылдын январь айында кызын АКШдагы окуу жайлардын бирине өткөрүп берем деп 10 миң доллар акчасын алып, убадасын аткарбай качып кеткен. Ошондой эле ал өзүн Жогорку Кеӊештин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү катары таныштырган.
Аталган факт, Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, жазык кодексинин 204 беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө учурунда 10 миӊ доллар акча каражатын алгандан кийин, жай мезгилинде арыз ээсине кайрадан келип, кызынын визасын ачуу үчүн алдоо жолу менен дагы 3 миӊ долларын алганын, андан кийин өзүн «Кумтөр» алтын кенине жумушка киргизем деп, кошумча 10 миӊ долларын алгандыгын аныкташкан. Жалпысынан жабырлануучуга 23 миӊ АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтиргени белгилүү болгон.
Натыйжада, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары аныкталган Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну К.А., Каракол шаардык милициясына алынып келинди. Каракол шаардык сотунун чечими менен, шектүүгө карата 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
17-ноябрь күнү, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, дагы бир Каракол шаарынын тургунуна карата шектүү жаран тарабынан алдамчылык фактысы жасалгандыгы аныкталган. Ноябрь айынын башында, шектүү жаран өзүн Каракол шаарынын окутуу борборунун өкүлү катары таныштырып, жабырлануучунун кызын АКШга бекер окууга өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнүн шылтоосу менен, андан 10245 АКШ долларын алдоо жолу менен алгандыгын да аныкташкан.
Аталган факт да Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.