Ырчылар Чолпон Талипбек менен Максат Садырбеков «Non-Stop» дуэтинде биригишкенин жарыялашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында белгилүү болду.
Алып баруучу Эркин Рыскулбековдун айтымында, алар Кыргызстанда өткөнү жаткан “Central Asia’s Got Talent” шоусунун калыстар тобунун курамында болот.
Чолпон Талипбек маалымат жыйында: «Биз расмий түрдө “Non Stop” дуэтинин солисти болуп иштеп жатканыбызды билдиребиз», — деди.
«Биз кастинг аркылуу кыялыбызды ишке ашыра алдык. Сөзсүз баргыла, өлкөбүз таланттарга бай. Сынактын өзгөчөлүгү — эч кандай чектөө жоктугунда. Ар ким өз алдынча таланттуу. Бүгүн ийгилик таржымалы боюнча жазышат, жана биз дал ушуга катышып калганыбызга кубанычтабыз”, — дейт ал шоу тууралуу айтып.
Эске салсак, Максат Садырбеков 2018-жылы жеке чыгармачылык карьерасын баштап, 8 жыл бирге иштешкен “Non Stop” тобунан кеткенин жарыялаган.