Негизги окуялар:
– Маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзам пленардык сессиянын күн тартибинен алынып салды.
– Анын эртеси, 7-февралда, чет өлкөлүк өкүлдөр тууралуу мыйзам дагы талкууланган жолк.
– Бул мыйзам боюнча АКШ мамлекеттик катчысы Блинкен президент Жапаровго 17-январда кат жазыптыр.
– Октябрь райондук соту кечээ күнү «Клооп-медиа» коомдук фондун жабуу тууралуу чечим чыгарды.
– Чек ара кызматынын айтымында, сержант Асанакунова айткан зордук-зомбулук факттары такталган жок.
– Сержанттын кабарынан улам, президент Жапаров – сөз эркиндиги Кыргызстанда бар деп билдирди.
– Президент Жапаров «Кабарга»: «Бизде демократия бар, ошол бизди сындап аткан өлкөлөрдө жок».
– Кыргызстан менен Тажикстан 3 чакырым 700 метр чек ара тууралуу макулдашты.
– Акылбек Жапаров Түркияга барып, өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышып келди.
– Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп мурдагы министр С.Муканбетов дайындалды.
– Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Бектур Асанов тил кат менен боштондукка чыкты.
– Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстан быйыл карыздын 400 млн долларын төлөш керек.
– Анарбек Бакаев атындагы УКМКнын академиясы түзүлдү
– Кыргызстандын жаңы муфтии болуп Базар-Коргондун имамы Абдулазиз Закиров шайланды.
– Гемодиализ менен жашагандардын бөйрөктөрүн алмаштыруу чыгымдарын мамлекет өзүнө алууда.
– Райым Матраимовдун 3 млрд сомдон ашык турган мүлкү мамлекетке өткөрүп берилди деп жарыяланды.
– Жума башында Акылбек Жапаров Ротшильд компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуптур.
– Жуманын аягында ал өкүлдөр менен Улуттук банктын төрагасы жана каржы министри дагы жолукту.
– Белгилүү ишкер Райкан Алканов Германияда операциядан кийин 91 жашында каза болду.