7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоголгон 28 жаштагы жигитти издөө уланууда

371

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө уланууда.

«Бүгүн саат 09:00гө карата жалпы 195 адам болсо, саат 11:00гө карата 250 адам издөө ишин баштады. Анын 145и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог ити менен, 6 дрон, 3 ат, 100 ИИМдин кызматкерлери. Жалпы 16 техника тартылды»,- деп билдиришти ӨКМден.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

372