Жогорку Кеңешке шайлоого бюджеттен 592 миллион 531 миң сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт.
Каражат шайлоо тилкелеринде иштеген кызматкерлердин айлыгы, байланыш кызматтарына, транспортко, канцелярдык товарларды сатып алууга жана чет өлкөдө добушканаларды ачууга жумшалат.
2020-жылдын 4-октябрда парламентке шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы кийин жокко чыгарылды. 28-ноябрда парламенттин VII чакырылышына экинчи жолу шайлоо болот. Бул жолу тандоо Конституциянын жаңы редакциясына ылайык бир мандаттуу жана партиялык тизме менен өткөрүлөт.
Былтыркы 4-октябрдагы шайлоого факт жүзүндө 420 миллион сом кеткен. Андан тышкары, эпидемиялык кырдаалга байланыштуу коопсуздук маселелери, окутуу иштери боюнча эл аралык уюмдар кол кабыш кылган.
Алсак, БШК шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүгө эле 21 миллион 121 миң 200 сомдук тендер жарыялаган.
Ал эми соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга бюджеттен 425 миллион сом жумшалган. Анын 38 миллиону шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган Бишкек, Ош жана Токмок шаарына туура келген. Кайра шайлоо өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом коротулду.