7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов дүйнө салды

434

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Алмазбек Акматов 28-февраль күнү 56 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу фракция лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, калктын социалдык жана экономикалык маселелерин чечүүгө бардык күч-аракетин жумшап, шайлоочулар менен тыгыз иш алып барып келген.

«Алмазбек Акматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Алмазбек Жумабековичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бекем сакталат», — деп жазды Сулайманов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

7tv.kg сайтынын эмгек жамааты Алмазбек Акматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

435