7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин экс-депутатынын уулу кармалды

354

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Сан Бористин уулу – Сан Александр Борисович кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого жана кылмыштуу кирешелердин адалдаштырууга айыпталып,  4-январга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар Турсунтай Салимовго ( “Мадина” базарынын негиздөөчүсү) таандык болгон мурунку бала бакчанын (азыркы “Роял спорт” ден соолукту чыңдоо комплексинин) аймагына көп кабаттуу премиум турак жай курууну пландап жатышкандыгы аныкталган. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги жана күрөө катары кымбат батирди бериши шарт болгон. Андан кийин, турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок, Салимов Ильшат 2020-жылдын январь айында Сан А.Б жана Көлбаев менен сүйлөшүп алып, басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коркутуп премиум класстагы курулуш компаниясына таандык (баасы 300 000 АКШ доллары турган, “Магнат” турак жай комплексинде аянты 300 м.кв. болгон) кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди Көлбаев Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна (мурдагы “Зодиак” казиносу, Сан Б.А.га таандык) соода борборун куруу максатында алмаштырып алган.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн батир Жогорку Кеңештин экс-депутаты Сан Бористин (“Сан-Сити” комплексинин, “Золотой Дракон” ресторанынын, мурунку “Сан-клуб” казиносунун ээси) Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан уулунун — Сан Александр Борисовичтин наамына катталган.

Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 млн АКШ долларын түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган. Тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 61 918 кв.м., 50 миллион АКШ долларын түзгөн кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулуш жүрүп жаткан, аянты 20 800 чарчы метр мурдагы “Сан сити” комплекси.

Ысык-Көл облусунда — кыймылсыз мүлк объектилери (“Ак-Марал” эс алуу борборундагы К.Асанбектин коттедждеринин жанында жайгашкан коттедждер, алардын туруктуу байланыштарын көрсөтүп турат), ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан баасы 15 млн АКШ долларлык, жалпы аянты 12,9096 чарчы. м (12,9 га) жер участоктору. Чүй облусунда — баасы 15 млн АКШ долларлык, жалпы аянты 201 000 чарчы метр (20,1 га) жер тилкелери. Ошондой эле, Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ЖЧКнын тең түзүүчүлөрү болуп саналышат, ошондой эле Кыргызстандын чегинен тышкары жакта ишканалары бар экени аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

355