7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араван районунун айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

523

Араван районунун мурдагы Юсупов айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Араван районунун мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарына карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

22-ноябрда С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ф.Ш.Х. кармалды. Мамлекеттик экспертизанын баалоосунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экени аныкталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

524