«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынын төрагасы, депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды. Шакиевдин талапкерлиги үчүн 80 эл өкүлү «макул» добуш берсе, алтоо «каршы» болгон.
Анын талапкерлигин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөтүп, «Ишеним», «Альянс» фракциялары менен «Элдик» тобу колдоду.