Бронежилет кийген аскер кызматкеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дене сыртынын 90% ашыгы жабыркагандыктан анын өздүгүн дароо аныктоо мүмкүн болбоду.
Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады.
«Д. Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды. ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат. Ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Д. Анарбековду издөө иш-аракети УКМК ЧКнын күчү менен улантылаарын маалымдайбыз»,- деп берилет маалыматта.