Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети желекти өзгөртүүнү жактырды.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.
Эскерте кетсек, өзгөртүүгө сунушталып жаткан вариантта түндүктүн ортосуна тартылган 3 чамгаракка дагы бирөө кошулган.
Белгилесек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын билдирген.
Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын айткан.