Бишкек шаарында коомдук тартипти бузуп, жарандардын тынчын алган жана автобейбаштык кылган айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Милиция жарыялаган видеодон кыздардын унаадан белине чейин чыгып алганын, милицияны байкаганда гана унаага кирип кеткенин көрүүгө болот.
Милиция унаага 15 000 сом айып салган протоколду да жарыялаган.