Кикбоксинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү Албуфейра шаарында (Португалия) өткөн Дүйнө чемпионатында 3 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
“Фулл-контакт боюнча 91 кг чейинки салмакта Куан Абдыраимов, лоу-кик боюнча 91 кг чейинки салмак категориясында Нурлан Токтобакиев жана кик-лайт түрү боюнча 63 кг чейинки салмакта Мирбек Сүйүнбаев коло медалга ээ болушту” – деп айтылат маалыматта.
Мелдеш 17-25-ноябрь күндөрү өтүп, 70 өлкөдөн келген 573 спортчу катышты.