Быйыл Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылары күтүлүүдө. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
2023-жылы Жогорку Кеңештин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея мамлекети менен атайын макулдашууга кол коюлгандыгын эске салган төрага: “Долбоордун алкагында парламенттин чоң жыйындар залы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен камсыздалып, мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүүгө багытталган жумуштар жасалат. Ага ылайык, жыйындар залы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалышы кажет. Жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү жана жаңылоо иштери мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин”, – деди.
Муну менен катар быйыл эл арасында Ак үй деп аталган тарыхый жайдын айланасындагы таман таштарды да жаңылоо мерчемделүүдө. Ошондой эле бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр олтургузулат.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ак үй маанилүү административдик имарат эле эмес, эгемендүүлүгүбүздүн эн белгиси саналган тарыхый жай экенин белгилеп: “Андыктан өзгөчө стилде жасалган имараттын айлана-тегереги да талаптагыдай болушу шарт. Себеби, Ак үй борбор калаага келген меймандардын, чет өлкөдөн келген туристтердин көңүлүн бурган жай болуп эсептелет”, – деп кошумчалады.
Алсак, борборубуздун чок ортосунда орун алган Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.