7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

10 миң долларга чейин бааланган. Элиталык эскорт кызматынын уюштуруучусу кармалды

672

Элиталык эскорт жана интимдик кызматтын уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде төлөөгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына элиталык интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет-группасы аныкталып, анын башкы администратору И.К.Д кармалды.

Аталган жаран 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле “Instagram” жана “Tik Tok” соцтармактарында абдан популярдуу болгон белгилүү адамдардан жана блогерлерден турган интернет-группалар тармагын уюштурган. Андагы эскорт кызматтарынын баасы 1000ден 10 миң АКШ долларына чейин бааланган. Ал кыздардын Дубайга жана коңшу республикаларга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн баруусун уюштурган.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен аталган жаран кармалып, соттун чечими менен Жазаларды аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.

673