Кыргыз элинде «Токсондун түшкөнү, чилденин чыкканы жаман» деген сөз бар. Илгертеден эле кыргыздар жылдыз санап, мезгилдин тамырын кармап, жарым жылдык аба ырайын алдын ала билишкен. Кочкордо өткөн доордо «Эсенбай эсепчи» деген жашап өтүптүр. Кышта жаз менен жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болорун алдын ала айтып койчу экен. «Эсенбай эсепчи» чилденин чыгышын төрткө бөлгөн:
1. 19-январдан «Кырк жигит» чилдеси башталып 12 күнгө созулат. «Кырк жигит» кетип жатканда кычыраган суук болуп, жигиттик мүнөзүн көрсөтөт.
2. 2-февралдан «Кырк кыз» чилдеси башталат. Бул чилде да 12 күн уланат. «Кырк кыз» кетип жатканда кыз кыялындай болуп бирде күн жаркырап тийсе, бирде жамгыр, кар жаап, бат-бат өзгөрүү болот.
3. 14-февралдан баштап «Ыйлаак кемпирдин» кезеги келет. «Ыйлаак кемпир» биринчи жумансында жамгыр аралаш кар жаадырып, жумшак кирет. Анан короо жайга, босого аттап үйгө баш багат имиш. Экинчи жумасында жинденип, 20-февралдан 26сына чейин кар борошолотуп, шамал уулутуп, чаң тополоң чыгарып, «Куйругу менен козу калды кокуй… Өркөчү менен тайлак калды кокуй… Алчуумду толук алалбадым кокуй…» деп ыйлап кетет имиш.
4. 27-февралдан 11-мартка чейин «Токсондогу чал» келет. Ал чыгып жатканда бирде кар аралаш жамгыр жааса, бирде күн жаркырап тиет. Муну «Токсондогу чалдын ары-бери онтоп, оодарылып жатат» дешет экен.
Ошентип, кыргыз эсебинде толук жаз 11-марттан кийин келет. Ушул төртөөнүн чыгышына карап жайдын кандай болорун аныкташкан.
Мисалы, «Ыйлаак кемпир» кар борошолотуп, боздоп, моокуму кана бугу чыкпай калса, «силерди элеби, эсебиңерди табам, ары-бери 40 күндө болбосо 90 күндө сөзсүз кайрылам» деп кетет. Ошентип, жазда, апрель же май айларында кар жаап, үшүк жүргөнүн «Ыйлаак кемпирдин өчү калбады беле? Оңбогон мастан акыры келип бугун чыгарып кетти» дешет экен.