7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку жетекчилик жана расмий делегациялар үчүн жаңы учак сатып алуу каралууда

453

Кыргызстандын мамлекеттик жогорку жетекчилеринин жана расмий делегацияларынын муктаждыктары үчүн Airbus 320, же Boeing 737 учагын сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин башчысы Данияр Бостонов «Манас» аэропортунда уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө билдирген.

Анын айтымында, азыркы учурда расмий делегациялар колдонуп келе жаткан ТУ-154түн эскилиги жетти жана эл аралык талаптарга жооп бербейт.

«Менде «Туполев» конструктордук бюросунун КР президенти учкан ТУ-154тү колдонууну узартууну жокко чыгарган каты бар. Учак көп жыл мурда чыккандыктан аны колдонуунун мөөнөтү эчак бүткөн, учурда анын тетиктери дагы чыгарылбай калган», — деди Бостонов.

Ал Кыргызстандын президенти жана расмий делегациялары үчүн сатып алына турган учак эл аралык талаптарга, техникалык коопсуздук мүнөздөмөлөрүнө жана ТУ-154 үлгүсүндөгү мүмкүнчүлүктөргө жооп бериши керектигин кошумчалады.

«Airbus 320, же Boeing 737 учактары Ту-154түн техникалык мүнөздөмөлөрүнө жооп берет, башкача айтканда алар ТУ-154 уча ала турган жерге жете алат», — деди Бостонов.

454