7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол чарба департаментинде 49 млн. сомдук коррупциялык схема аныкталды

652

УКМК тарабынан Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментиндеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылы Департамент жол тейлөө мекемелерин унаа жолдорун куруу жана оңдоо үчүн керектүү заттар менен камсыз кылууга, тендердик жол-жоболор аркылуу «жол битуму» майын өндүргөн продукцияны сатып алган.

Бирок, Башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары, аларга баш ийген жол тейлөө мекемелеринин жетекчилиги менен алдын ала макулдашышып, материалдык артыкчылыктарды өндүрүү максатында, сатылып алынган чийки заттын олуттуу бөлүгүн кызыкдар болгон жеке компанияларга сатышкан, ошол эле учурда, берилген маалыматта сарпталган чийки заттын көлөмүн жана баасын атайылап ашыкча көрсөтүшкөн.

Аталган коррупциялык схеманын натыйжасында Департаменттин кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 49 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген.

2021-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип Чүй облусунун унаа жолдорунун аймактык башкармалыгынын башкы инженери «А.Р.А.» кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653