7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Россияга уруксат кагазы жок учуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

524

Кыргызстандан Россияга уруксат кагазы жок учуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.  Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстан ЕАЭБдин «COVID-19суз саякат жаса» долбооруна кошулган.

Тиркеме кантип колдонуу керек:

-Жакынкы лабораторияларды көрүү үчүн геолокацияны күйгүзүп коюу;
-Сапарга пландаштырылган паспортту сканерлеп алуу;
-Кеткен жана келген өлкөлөрдү тандап алуу;
-Текшерүү үчүн лаборатория тандап, жазылуу;
-Лабораторияга келгенден кийин изилдөө жүргүзүү үчүн документке «макул» деген кол коюп, мобилдик тиркемеде натыйжаларды алуу;
-Колдонмо аркылуу QR-кодун сканерлеп алуу.

«COVID-19суз саякат жаса» тиркемеси ЕАЭБдин аймагында эркин жана коопсуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Программага буга чейин Орусия, Беларусия жана Армения өлкөлөрү кирген. Жакында эле платформага кошулган Кыргызстандын жарандары уруксат кагазы жок түз жана чартердик каттамдарды аткара алышат. Тиркеме ошондой эле программага байланыштуу лабораторияларга эркин барып, тесттин жыйынтыгын QR-код түрүндө түздөн-түз уюлдук телефон аркылуу алууга мүмкүнчүлүк берет», — деп билдирди «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы.

Изилдөөнүн натыйжалары QR-код форматында тиркемеге жөнөтүлөт. QR-коду менен алынган коронавирустук тесттин жыйынтыгын көзөмөлдөөчү органдарга ЕАЭБ өлкөлөрүнө саякат учурунда көрсөтсө болот.

Кыргызстан бул тиркемеге кошулганда өлкөдөн чыгып кетүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, каттамдардын саны көбөйүп, ошого жараша билеттердин баасынын айланасындагы толкундануу басаңдайт деп болжолдонгон.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусияга чартердик каттамдар менен учуу үчүн тийиштүү уруксат кагазына муктаж болушкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525