7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Кадастр» Оштогу филиалынын башчысы кармалды

1197

 

 

 

«Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыиат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын директору С.И.Б. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, ага бөгөт коюулду.

«Такталгандай, 2020-жылдын август айларында «Ош электро» ЖАК административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында 8 миллион сом арзан баада жеке адамга сатылган. Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн аянттагы жер тилкесинин 1 чарчы жердин базар баасы 2 миллион 500 миң сомдон жогору болгон. Ошентип, имараттын жалпы аянты 600 метр квадраттын ашуун болгон жер тилкесинде жайгашкан.

Мындан тышкары, С.И.Б. белгиленген тартипти бузуп жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө актыны мыйзамсыз чыгарган, ал менчикке бербсетен убактылуу пайдаланууну камсыз кылышы керек болчу.

5-апрелде кармалган башчы УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү башка коррупциялык факторлорду аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-февралда УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан деген шек менен «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын директору жана жетектөөчү адиси кармалган.

Кийин 23-мартта 17 миллион сом зыян келтирген делинип «Кадастр» ишканасынын дагы эки кызматкери кармалган.



Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1198