Бүгүн, 9-апрель Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан Ворух анклавынын жергиликтүү эли менен жолугушууга келди.
Иш сапардын алкагында, Тажикстан мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 30-жылдык юбилейине карата ачылып жаткан, 7 обьектин ачылуу аземине катышты.
Алар мамлекеттик желек аянты, маданият үйү, мектеп, ичүүчү таза суу линиясы, тейлөө борбору, тигүүчү жана таттуу чыгаруучу цехтер жана интенсивдик бактын ачылуу аземи.
Эске салсак, Баткен облусунда жайгашкан,Тажикстандын Ворух анклавында жалпысынан 23 121 жергиликтүү жашоочу бар. Алардын 99%ы тажик улутунан. Буга чейин бир нече ирет кыргыз-тажик эки тараптуу кагылышуулар болуп келген.
Мындан улам УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстанга Ворух анклавын башка чек арага жакын 12 миң гектарга алмашуу сунушун киргизген.
Тажик президентинин бул сапары чек-ара маселесиин чечилүүсүнө чоң салым кошушу күтүлөт.