7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күбө: «Айзаданы салган унаанын номурун милицияга айткам!»

14636

Айзада Канатбекованы автоунаага күчтөп салып жатканын байкап калып, милицияга маалымат берген күбө «Азаттык» радиосу менен байланышты. Аты-жөнүн атагысы келбеген күбө окуя болуп жаткан кезде жөө адамды өткөрүп жиберүү үчүн токтоп турган:

«Чынында мен кыз экенин деле түшүнгөн эмесмин, себеби мен зебрадан өтүп бараткан адамды карап, ошону күтүп тургам. Бир нерсе болуп жатканын түшүнүп, унаамды токтоткончо, алар мени кыйгап өтүп, катуу жүрүп кетишти. Мага кишинин буту эшиктин сыртына чыгып калгандай көрүндү. Артынан айдап, кызыл автоунаанын номурун тагыраак көрүүгө аракеттендим. Алар аны байкап калып, ансайын катуу айдап кетишти. Мен милицияга адам уурдоо болгонун кабарлап, кызыл «Хонда-Сивиктин» мамлекеттик номурун да айтып бердим. Ошондо саат 7:21 болчу. Окуя болгон жерге түшкө жуук кайра келип, кызды күчтөп машинага салган учур «Фаизанын» (кафе — ред) видеокамерасына түшүп калганын көрдүм. Ошондо да милицияга кайра чалып, камерага түшүп калган видео бар экенин айткам. Мындай болуп кетерин билген эмесмин, өзүмдү күнөөлөп, «балким түшө калып кыйкырсам жакшы болмок беле» деп өкүнүп жатам», — деди күбө.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде саат 7:30 чамасында белгисиз үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып жаткан учур ошол жердеги мекеменин видеокамерасына түшүп калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

14637