7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол коопсуздугу боюнча ардагерлердин катышуусунда жыйын өттү

315

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Кулгелди Качкынбаев, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков жана жалпы ЖКККББнын аймактык ардагерлери өлкө башчынын жол коопсуздугу боюнча койгон тапшырмасын ишке ашырууга багытталган жыйын өткөрүлдү.

Анда буга чейин айдоочуларга карата өткөрүлгөн үгүт-насаат иштеринин жыйынтыгы каралып, мындан ары да бул багытта жумушту күчөтүү зарылчылыгы эске алынды. Ардагерлер айдоочулардан жол эрежелерин сурамжылоо саамалыгы жакшы натыйжа берип жаткандыгын айтышып, өлкө башчыбыздын бул багыттагы койгон тапшырмасы коом арасында колдоого алынып жаткандыгын белгилешти.

Жеңишбек Жоробеков өлкө башчынын койгон тапшырмасы бүгүнкү күндө маанилүү болуп жаткандыгын айтып, бул багытта ардагерлерди көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Ардагерлер кызматкерлердин ден соолугун чыңдоочу, күжүрмөн даярдыгын жогорулатуучу машыгуу залдары менен таанышып, өздүк курамга кызматтык милдеттерди так жана абийир менен аткарууга чакырышты.

 

316