Ички иштер министрлигинин укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган эки айлык иш мерчеминин алкагында, 2024-жылдын 20-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытында Балыкчы шаарынын эли менен жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Жолугушу иш-чарага Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы, милициянын подполковниги Бахрам Хамидович, Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Тынычбек Мадеминович, Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Аким уулу Мирлан, Ысык-Көл облусунун ЖКККБнүн башчысы милициянын подполковниги Айбек Рыскулов, Балыкчы шаарынын вице-мэри Азамат Тукунов, шаардык прокурор Курсантбек Каримов жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, район аралык авточарбалардын жетекчилери, жана мектеп мугалимдери, окуучулар катышышты.
Иш-чаранын алкагында Бахрам Сайтходжаев доклад жасап, жол-унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептерине токтолуп, статистикалык көрсөткүчтөрдү монитордон көрсөтүп жол унаа кырсыктары боюнча түшүндүрүп берип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан, жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган атайын даярдалган видео тасмалар көрсөтүлүп, коомчулук тарабынан тиешелүү органдын өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорду беришип, жоопторун алышты.
Ошону менен бирге жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү (ЮИДД) командасы дагы өз өнөрлөрүн тартуулашып, өспүрүмдөрдү жол эрежелерин сактоого үндөштү.