7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү өлкөгө кайтып келди

369

Россия федерациясынын түштүгүндөгү Анапа шаарында өткөрүлгөн КМШ мамлекеттеринин арасындагы “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024” кароо-сынагына катышкан Нарындагы мектеп окуучуларынан түзүлгөн команда бүгүн өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жаш тескөөчүлөрдү «Манас» эл аралык аэропортунан ЖКККББнын кызматкерлери тосуп алып, кызматтык унаанын коштоосу менен алып келишти.

Өлкөнүн намысын коргогон жаш тескөөчүлөрдү жана алардын ата-энелерин, ошондой эле ЖКККББнын ишмердүүлүгүнө салым кошкон мугалимдерди жана мекенчил жарандарды ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Манасбек Сыдыгалиев башкы башкармалыктын атынан ыраазычылык каттарды жана ардак грамоталарды ыйгарды.

Эскерте кетсек, 40 команданын катышуусунда өткөрүлгөн бул эл аралык кароо-сынакта Кыргызстандын атынан барган жаш тескөөчүлөр 3 диплом, 2 кубок жана баалуу сыйлыктар менен кайтып келишти.

 

370