7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отряддарынын кароо-сынагы аяктады

401

Кечээ, 23-августта Ысык-Көл облусунда көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында жол кыймылынын жаш инспекторлорунун отряддарынын үч күндүк мамлекеттер аралык кароо-сынагы аяктады.

Кароо-сынак 21-августта башталган.

Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Болот Ибрагимов, Тажикстан Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик авто инспекциясы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору Рустам Тагоймурод, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев жана ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков катышышты.

Мамлекеттер аралык кароо-сынактын жабылышында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жаш тескөөчүлөрү жөн гана катышуучулар эмес, өздөрүнүн билими жана жол эрежелерин сактоого жоопкерчиликтүү мамилеси менен дүйнөнү өзгөртө ала турган келечектеги лидерлер экенин белгиледи. Алардын тырышчаактыгы биздин өлкөлөр үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн да маанилүү экенидигин айтып кетти.

Эскерте кетсек, «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024» сынагы 8 номинация боюнча өткөрүлгөн. КМШ өлкөлөрүнөн – Белорусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын командалары катышып, 29 мектеп окуучусунан турган, 6 командасы тартылган.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү делип:

1-орун-Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын командасы;

2-орун-Өзбекстан Республикасы жана Беларусь Республикасынын командасы;

3-орун-Тажикстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын командасы ээледи.

Командалар дипломдор, медалдар, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

402