Бүгүн, 8- октябрда Бишкекте жол кырсыгы катталып, жабыркаган жаранды номери жок унаа алып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаа Ч. Айтматов көчөсү менен бара жатып, Лев Толстой көчөсү менен кесилишкен жердеги көпүрөнүн астынан бетонду сүзүп алган. Айдоочу рулду башкара албай калгандыгы айтылууда.
Кырсык болгон жерге Lexus LX 570 унаасы келип, жабыркаган жаранды алып кеткен. Ал унаанын мамлекеттик номери жок болгондуктан, милиция кимге таандык экендигин аныктай албай жатат.