7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Чек ара чырынан жабыркаган ишкерлер төмөндөгү салыктардан бошотулду

515

Министрлер кабинети Баткен облусунда 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабы алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейинки мөөнөттө Баткен облусундагы окуялардын кесепетинен жабыркаган ишкерлердин тизимине киргизилген салык төлөөчүлөр төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:

  • киреше салыгы;
  • пайда салыгы;
  • кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары);
  • сатуу салыгы;
  • милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
  • ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
  • бирдиктүү салык.

Көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде пайда болгон салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасы боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызды салык органына берүүгө укуктуу.

Бул жеңилдик кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерге тиешеси жок. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөнү үчүн туум көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө да колдонулбайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516